Бишкекте 8-Мартка карата өткөн концерттин көрүүчүлөрүнө президент куттуктоо жөнөттү

Бүгүн, 7-мартта Бишкекте Эл аралык аялдар күнүнө карата концерт өттү. Концертке "Таберик" музыкалык театры, "Ассоль" элдик бий ансамбли жана дагы көптөгөн бий топтору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов катышты. Ал эми алып баруучулук милдетти Чыңгыз Мырзаев, Азиз Мурадиллаев, Эркин Рыскулбеков аркалашты.

Иш-чарага аялзатын куттуктоого Президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлү Канатбек Мүзүралиев келишти.

Сапар Исаков өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов залда отурган аялзатынан сүрдөп жатканын жашырган жок.

"Бир жыл мурун Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып, алгачкы салтанаттуу иш-чара 8-мартка туш келген. Ошондо залдагы сулуу аялзатынан сүрдөгөм, азыр да сүрдөп турам. Анда сиздер мага бир жылга жеткидей дем-күч бергенсиңер, мына эми да колдоо көрсөтсөңөр, ар бириңер гүлдүү жерде басканыңарга болгон аракетимди жумшайм", - деп өз куттуктоосун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан