Бишкек шаарында ымыркайларын эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны акыркы эки жыл аралыгында көбөйгөн. Маалыматты Бишкек шаардык иммунопрофилактикалык борбордун башчысы Бурул Асыкбекова билдирди. Борбор калаанын башкы иммунологу бул жаатта ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын белгиледи.
"Бишкек шаары боюнча күндө эмдөө жүргүзүлөт деп айтсак болот. Бирок акыркы жылдары ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартышууда. Маселен, өткөн жылы баш калаада 22 миңден ашуун бала төрөлсө, анын ичинен 10 пайыз бала эмдөөдөн өткөрүлгөн эмес. Эмдетүүдөн баш тарткандардын 72 пайызы диний көз караштан улам дешсе, 9 пайызы вакцинанын сапаттуулугунан шектенишкендер болот. 1-2 пайызы гана маалыматы жоктугунунан эмдетпегени аныкталган.
Сапатынан күмөн санагандар башка шаарлардан эмдетип же жеке менчик ооруканаларга кайрылышат. Дарыгерлер вакцинанын курамы жана саламаттык үчүн кепилдиктери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Биз дарыгерлер менен семинарларды өткөрүп турабыз. 2015-жылы кызылча оорусу күч алганда баары эле балдарын эмдетишкен. Кийин кайра баш тарткандардын саны өсүп кетти. Муфтият менен биргеликте эки күндүк семинар өткөргөнбүз. Муфтияттын өкүлдөрү эмдөө динге каршы келбесин айткандан кийин мусулман аялдарынын укугун коргоочу "Мутакаллим" уюмунан 10го жакын аялдар келип балдарын эмдетип кетишкен", - дейт Бурул Асыкбекова.
Бишкек шаарынын тургуну Салима Сүйүнбекова бир жашар уулуна эмдөөдөн өткөргөн эмес. Ал вакциналар тууралуу пикирлерди интернеттен окуп, баласын эмдетүүдөн баш тартканын айтат.
"Интернет булактарынан Орусиянын окумушутуулары айткан маалыматтарды окуп чыктым. Эмдөөдөн баш тартканыма биринчи ошолор себеп болду. Ал жакта эмделген балдар ар кандай ооруларга дуушар болушу жазылган экен, мисалы, шал болуп калат деп. Ошондон кийин жолдошум менен кеңешип уулубузга вакцина алдырбай коюну чечтик. Дарыгер балаңды эмдөөдөн өткөр деп жүрдү. Кийин невропаталогго жиберди, текшерүүдөн өттүк. Андан соң "силерди мажбур кыла албайм. Өзүңөр билесиңер" деди. Уулубуз башка балдар сыяктуу жөтөлүп, тумоологону болбосо жакшы эле чоңоюп жатат",- деди Сүйүнбекова.
Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны башка аймактарда да өсүп жатат. Өткөн аптада Ош облусундагы Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Медет Аскаров балдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны жыл башынан бери 42ге жеткенин билдирген эле.
Кадамжай районундагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери Малика Ганиева төмөнкүлөрдү билдирди. "Бизде эмдөөдөн баш тарткандардын саны акыркы 2-3 жылда көбөйө баштады. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Көп учурда жыйынтык бербейт. Кайсы ата-эне эмнеден улам эмдөөдөн баш тартканын иммунолог каттап турат. Эмдөөдөн өткөн бала менен эмделбеген баланын өсүшү бирдей эле. Эмдөөдөн баш тарткандан кийин кайсы бир ооруга чалдыккан факты жок", - деди.
Ал эми Кыргыз мамлекетиндеги мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр Токтогазы уулу эмдөө динге каршы келбесин айтат.
"Ислам дининде эмдетпегиле деген нерсе жок. Балдарын эмдетпегендердин баары диний көз караштан улам дегенине кошулбайм. Ата-энелердин ар биринин өз себеби бар болушу мүмкүн. Интернет булактарынан окуп, баланын ден соолугуна зыян деп чечим чыгарышса керек", - дейт Бактыяр Токтогазы уулу.
Айта кетсек, жаңы төрөлгөн ымыркайга алгач вирустук гепатиттин В түрүнө жана кургак учукка каршы эмдөө жүргүзүлөт. Андан кийин 1 жашка чейин көк жөтөл, кептөөр, гемофилия инфекциясынын "b" тибине каршы, шал оорусуна каршы, кызамык жана кызылчага каршы, пневмокок оорусуна каршы, менингитке каршы эмделет.