Бүгүн, 7-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөт "Мегаком" компаниясын кайрадан сатыкка койду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, компаниянын 100 пайыз акциялары сатылат. Баштапкы баасы 13 миллиард 500 миллион сом. Бул баа 2017-жылдын 3-мартында бекитилип, аукцион 2017-жылдын 3-июнуна дайындалды. "Мегаком" компаниясын сатуу аракети 1 жылдан бери ишке ашпай келатат. Аталган компания 2 ирет сатыкка коюлуп, бирок сатып алуучулар чыккан эмес. Баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Бул ирет 13 миллиард 500 миллион сом деп белгиленди.
Биринчи аукцион 2016-жылдын 16-июнуна пландалган, бирок бир да кардар чыккан эмес. Экинчи аукцион 2016-жылдын 16-декабрына дайындалып, бул жолу да сатып алуучулар чыккан эмес. Эки жолку ийгиликсиз аракет, албетте, мүлктүн баасын төмөндөттү. Бул ирет да сатылбай калышы мүмкүнбү? Кызыгып жаткан тараптар барбы? Сатпай эле кирешелүү мамлекеттик ишканага айлантып, ишин жөндөп кетүү мүмкүнчүлүгү жокпу? Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков мындай суроолорго жооп айта албады. Ага карабай чиновник бул жолу сатылат деген үмүттө. 2016-жылдын соӊунда президент Алмазбек Атамбаев "Мегакомду" эртерээк сатуу зарыл, болбосо күндөн күнгө баасы арзандай берет деп чыккан. Компанияны сата албаганы үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору иштен алынганын да айткан. Бул ирет сатылбаса, Казаков да кызматынан кол жууйбу? Казаков өзү "бул саясий кызмат, чечимди өкмөт кабыл алат" деди журналисттерге. Артында чуулгандуу соттук иштери бар мындай компанияны сатып алууга бакубат инвесторлор келиши мүмкүнбү? Балким, атайылап баасын арзандатуу жүрүп жаткандыр? Мамлекеттик фабрика, заводдор текейден арзан баага кантип сатылып кеткени 1990-жылдардын тарыхынан белгилүү эмеспи. Ошентип 1263 адам эмгектенген, 2 миллион 829 миң абоненти бар компания кайрадан сатыкка коюлду...
Орусиянын премьери Дмитрий Медведев ЕАЭБде тизгин кимде экенин көрсөттү. Беларустун өкмөт башчысы Орусия менен Беларустун ортосундагы келишимдер аткарылбай жатканын айтып, нааразычылык билдирди эле Медведев "эч кимди күч менен кармап турган жокпуз, каалабагандар ЕАЭБден чыгып кетсе болот" деген жооп узатты. Медведев "ЕАЭБге кирбесеӊер Европадан кымбат газ алмаксыӊар" деп Беларустун талуу жерин эске салды. Ушундай эле жоопту Кыргыз өлкөсү да алышы мүмкүн. Анткени, Кыргыз өлкөсүндөгү газ көйгөйү Орусия аркылуу чечилип, ошол эле маалда толугу менен көз карандылыкка кептелген. Беларустан айырмаланып Кыргыз Республикасын Орусиянын чеңгээлинде кармап турган дагы бир маселе бар. Миллионго чукул кыргыз мигранттары Орусияда эмгектенип, Кыргыз жериндеги үй-бүлөсүн багууда. Ошондой эле күйүүчү май өӊдүү суроо-талап жогору товарлардын көбү Кыргыз жерине Орусиядан ташылат, азырынча өлкө жетекчилиги альтернативдүү жолдорун таба элек. Казакстандын премьери Бакытжан Сагинтаев Орусиядан Кыргыз жерине темир жол менен ташылган товарларга тарифтер ылдыйлаганын, бул Кыргыз жүк ташуучуларына 60 миллион доллар үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Тарифтер 2017-жылдын январында арзандаган. Бирок май куюучу жайлардагы баага ал таасир этпей жатат. 7-мартка карата баалар 80 тыйынга гана ылдыйлады. Орусиянын мунай ишканаларында баа өсүп жатканын, бул ЕАЭБ тартуулаган тарифтик жеӊилдикти жууп кетип жатканы айтылууда. Экинчиси - өлкөгө кирген тактайдын баасы. Кыргыз жерине тактайдын көбү Орусиядан ташылат, баалары мурдагы бойдон калды. Жүк ташуучулар 60 миллион доллар үнөмдөсө, баалардын арзандаганы элге сезилиши керек эле. Жыйында 10 макулдашууга кол коюлду. Кыргыз-Казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдүн качан алынары, Казакстан убадалаган 100 миллион доллар качан берилери боюнча суроолор ачык бойдон калды...
Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев кызматтан алынышы мүмкүн. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети "Кутушев кызматтан бошотулсун" деп чечим кабыл алды. Депутаттар Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө иш сапары көп болуп кеткенин, бирок эмне иш бүтүрүп жатканы белгисиздигин айтып, маселе көтөрүп чыгышкан. Аппарат башчы бир жылда 10 жолу сапарга чыкканы айтылды. Иш сапарлар Вена, Женева, Страсбург, Сеул өңдүү атактуу шаарларга жасалган. Ошондон улам коомчулукта “аппарат башчы мамлекеттин кайсы бир ишин бүтүргөнү барып жатабы же саякаттап жүрөбү?” - деген суроолор жаралды. Ал эми Кутушев өзү 6 жолу иш сапарга чыкканын, 1 сапарга гана мамлекеттик казынадан акча жумшалганын билдирүүдө. Комитеттин чечими спикерге жөнөтүлдү. Спикер аппарат башчыны иштен алабы же Иса Өмүркулов саламаттыкты сактоо министрин сактап калгандай сактап калабы, убакыт көрсөтөт...