Ырчы Дайыр Исмадияров жакында күйөрмандарына "Аста-аста" ырынын клибин тартуулады. Бул клипти тартууда ырчы өзүн алгачкы жолу режиссёр катары сынап көргөнүн айтат.
"Алгач "Кызыл гүлүм" ырымдын клибине кастинг жарыялаган элек. Ага көп кыз-жигитттер катышарын билдиришкен. Анан ал клипти сюжетсиз эле тартмай болдук. Клипке тартам деп сөз берген соӊ аткарыш керек деп, тандалып алынгандарды "Аста-аста" клибине тартууну чечтик. Башкы каарман бала клипке тартылуу үчүн атайын Оштон, ал эми массовкадагы кыздардын бирөөсү Көлдөн келген. Бишкектеги Америка университетинде тартылган.
Буга чейин бир нече клиптеримде режиссёрго жардамдашып, сценарий түзүшүп келген болсом, бул ирет режиссёрлукту толук өз колума алдым. Тагыраагы, режиссёр катары ушул клипте тушоомду кестим десем болот. Албетте, алгачкы жолу болгондуктан анча-мынча кемчиликтерин да байкадым", - дейт ырчы.
Дайыр Исмадияровдун "Аста-аста" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.