8-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндарынын жооптук беттештери болуп өттү. Анда Неаполь шаарында “Наполи” “Реалды” кабыл алса, Лондондо “Арсенал” “Бавария” менен ойноду.
"Наполи" (Италия) - "Реал" (Испания) - 1:3
Голдор: Мертенс (24-мүнөттө) – Рамос (51-мүнөттө), Мертенс өз дарбазасына (57-мүнөттө), Мората (90-мүнөттө).
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 1:3
“Наполи” алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга өтүп, Кейлор Навастын дарбазасына бир канча соккуларды узатуу менен оюнду баштады. Жыйынтыгында Дрис Мертенс 24-мүнөттө эсепти ачканга жетишти. Бирок муну менен үй ээлеринин дымагы өчүп, 2-таймда “Реал” гана гол киргизди. Команда капитаны Серхио Рамос эки жолу бурчтан чыгарып берүүнү голго айландырды. Анын бири Мертенстин атына автогол болуп жазылды. Оюнга чекитти Мората койду. “Реал” чейрек финалда.
"Арсенал" (Англия) - "Бавария" (Германия) – 1:5
Голдор: Уолкотт (20-мүнөттө) – Левандовски (55-мүнөттө), Роббен (68-мүнөттө), Дуглас Коста (78-мүнөттө), Видаль (80-мүнөттө, 85-мүнөттө).
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 1:5
Арсен Венгердин футболчулары биринчи оюндан кийин өз күйөрмандарынын алдында татыктуу беттеш өткөрүүгө милдетүү эле. Биринчи таймда лондондуктар Уолкоттун голу менен алдыга озушту. Бирок 55-мүнөттө Косьелни кызыл кагаз менен кошо өз дарбазасына пенальти алып келди. Калган мүнөттөрдө бир гана “Бавария” футболчулары айырмаланып жатышты. Муну менен лондондуктар 7-ирет катары менен Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынан жеңилүү ызасын тартышты.
Дээрлик 20 жылдан бери машыктырып келе жаткан Арсен Венгер “Арсеналдан” кетет деген сөздөр көбөйүп баштады.