Бүгүн, 8-мартта "Кинозал" бөлүмү "Мегатой" эксклюзивдүү тасмасы менен толукталды. Тасманын режиссёру Сүйүн Откеев: "Мегатой" - "2016-жылы прокатта эӊ көп турган тасмалардын бири болду", - дейт.
"Аталган тасма кары-жашка, бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө арналгандыктан калыӊ элге жакты деп ойлойм. Өткөн жылы прокатта эӊ көп турган тасмалардын катарын толуктады. Андыктан бул да болсо тасманын ийгиликтүү болгонунан кабар берет.
Ошондой эле тасмага жалаӊ профессионал актёр-актрисалар тартылгандыктан иштешүү жеӊил болду. Ар бири өз милдетин, ролун так аткарып жатты", - дейт режиссёр.
Тасма үйлөнүү той тууралуу. “Жашың 30дан ашты, үйлөн” деп Бакыт аттуу башкы каармандын тааныбаган эле кызга үйлөнүүгө макулдугун алышат. Ошентип той башталат. Бирок үйлөнүп жаткан эки жигиттин бирөөсү достору менен адашып, той болуп жаткан башка үйгө барып калышат. Кызыктын баары дасторкондогу тамак-аштар желип, көрүндүккө делген акчанын баары түгөнгөндө башталат. Тойго чыныгы күйөө бала достору менен келгенде үлпөт көйнөкчөн кыз кайсы жигитти тандаарын билбей туруп калат...
"Мегатой" тасмасын бул жерден көрүӊүз.