"Он сегиз жаш" аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева 68 жашка толду. 1965-жылы июнь айында азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында концерт өтүп, анда Чүйдүн Киров айылынан келген 16 жашар Зейнеп Шаакеева обончу Аксуубай Атабаевдин "18 жаш", "Чагылган" аттуу ырлары менен чоң сахнага кадам таштаган.
Ал эми 1966-жылы ал Кыргыз улуттук филармониясынын "Эл шайырлар" тобуна кабыл алынган. Зейнеп Шаакееванын элдик ырчы аталышына, шыгынын жанышына, өркүндөшүнө залкар дирижёр Асанкан Жумакматовдун салымы чоң болгон. Ал ырчынын үнүнө, аткаруучулук чеберчилигине төп келген обондору, сөздөрү терең мазмундуу, эл жүрөгүнөн түнөк тапкандай ондогон ырларды иштеп чыккан. Ал өзү жетектеген Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда Зейнеп Шаакееваны ырдатып, калк алдына алып чыккан. Ал обончулар Үсөн Сыдыковдун “Кыргыз күүсү”, “Күн чыгышым”, “Сени ойлосом”, “Өзүңдү эстеп”, Бейшеке Жандаровдун “Жыпары белең баланын”, “Өкүнүч”, Аксуубай Атабаевдин “Таалайбек”, “Чагылгын”, “Он сегиз жаш” аттуу махабат ырларын оркестрдин коштоосунда ырдап чыгып, миңдеген күйөрмандарды топтогон.
8-мартка карата жылнаама