Чемпиондор Лигасы: “Барселона” өз үйүндө “ПСЖ” командасын кабыл алат, дортмунддук “Боруссия” “Бенфика” менен ойнойт

Бүгүн Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери уланат. Анда Барселона шаарында жергиликтүү команда француздук “ПСЖ” командасын кабыл алат. Ал эми Дортмунд шаарында “Боруссия” португалиялык “Бенфика” менен күч сынашат.

"Барселона" (Испания) - "ПСЖ" (Франция)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 0:4

Стадион: Барселона шаары, "Камп Ноу” стадиону.

Калыс: Дениз Айтекин (Германия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).

4 гол айырмачылык менен жеңилген “Барселона” намыс үчүн кантип ойнойт деп суроо салгандар арбын. Бул оюнда Лео Месси сыйкыр футболун көрсөтүп, командасын чейрек финалга сүйрөп чыга алат болду бекен? Каталондук клубдун дагы бир чабуулчусу Неймар бул оюнда эки гол киргизем деп убада кылды. Ал эми “Барселона” күйөрмандары “ПСЖ” өз үйүндө 4 гол киргизе алса, демек, биз 5 гол киргизебиз деп ишеним артып турган чагы. Биринчи мүнөттөн тарта каталондук клуб чабуулга өтөрү белгилүү. Эдинсон Кавани баштаган париждиктер 90 мүнөт бою коргонууда гана жата бербеси да белгилүү.

"Боруссия Д" (Германия) - "Бенфика" (Португалия)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 0:1

Стадион: Дортмунд шаары, "Сигнал Идуна Парк” стадиону

Калыс: Мартин Аткинсон (Англия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)

Дортмунддук клуб Лиссабондо өткөн беттеште гол жаратууга бир канча мүмкүнчүлүк жаратса да, “Бенфика” дарбазачысына гол киргизе алган эмес. Ошондогу Обамеянгдын таамай боло албагандыгы бул беттеште таасирин тийгизиши мүмкүн. Себеби коноктордун бир голу эки эсеге бааланат. Башкача айтканда, “Бенфика” 2:1 эсебинде утулса да, чейрек финалга жолдомо ала алат. “Боруссиянын” курамында Марко Ройс кайрадан жаракат алып, аталган оюнга чыга албайт. Жеңиштерге суусап турган Усман Дембеле, Кристиан Пулишич сыяктуу жаш футболчулар “Боруссияны” алдыга сүрөй алар бекен?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
Dante
2017-03-08 19:32:56
Неймар кучтуу кетиптирго 2 гол киргизем деп
+1
lotte
2017-03-09 04:11:47
Dante, созундо туруп киргизди 2 гол
0
Altysh_Boldush
2017-03-08 19:40:51
Оюн ото кызык болот! Кутулбогон оюн болду. 4:0 биринчи тайымда. Ким билет дейсин. Барсада 6:0,7:0 эсебинде женген ком аз эмес. Барса 100% атка кылат. А ПСЖ 100% зашита кылат. барсанын уйундо болот бирок)) Неймар алга
+3
eldar96
2017-03-08 21:22:13
Барса - ПСЖ 1-1 же 0-4
-2
Krasnyi.kg
2017-03-08 21:57:50
Арсенал Бавария качан болот
-1
Rasul94
2017-03-08 22:08:14
Krasnyi.kg,кечинде болду го
-1
Rasul94
2017-03-08 22:10:42
менимче 2-1 болот псж женет
-3
Edward.14
2017-03-08 23:30:15
Кудайым буйруса Барса татыктуу оюн корсотот деп ишенем! Барсага ийгилик! 5:0,6:1,7:0 ушул эсеп менен женишинерди кутом!Алга Барса!
+3
USSRKG
2017-03-08 23:31:50
4-0 барса женет
+2
Azat.97
2017-03-08 23:32:59
ПСЖ ийгилик,Ди Мариядан покер кутом.
-1
Rasul94
2017-03-08 23:42:20
Azat.97,мен дагы псж женишин каалайм.
0
nuke1988
2017-03-09 03:48:12
Ееее хууу женди сабыр тилейм пзжнын болельщиктерине
+2
nuke1988
2017-03-09 03:48:55
6:1 болдуго чиркин Барса алга
+3
Altysh_Boldush
2017-03-09 03:54:28
Мен 5 саат алдын жазгам. Барса алга. Неймар молодец экен! 2 гол урам деген урду э. Неймар барсаны куткарып калды
+1
barsa30
2017-03-09 04:06:43
урррааа барсаа алга!!
0
muzibrat93
2017-03-09 04:07:04
Барсааа айрат айырмак турсун кайырып салдыгооо
+1
lotte
2017-03-09 04:12:40
6:1 ПСЖ аут)))
+1
kyrgyz.93
2017-03-09 04:31:05
Барса молодец
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан