Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 8-мартта Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы ичиндеги 239 адам менен дайынсыз жоголгон.
Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Ал эми 2015-жылдын 29-июлунда Реюньон аралында учактын канатынын калдыктары табылган. Маалыматтарга караганда, Малайзиянын өкмөтү жоголгон учакты издөө үчүн 100 миллион доллардан ашык каражат сарптаган. Ошондой эле издөө иштери учурунда куткаруучулар Инд океанындагы 120 миң чарчы чакырым аянтты изилдешкен.