ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: Владимир Кличкого жеңилип, спорттук карьерасын жыйынтыктаган орусиялык мушкер Султан Ибрагимов 42 жашка толду

Оор салмактагы дүйнөнүн мурунку чемпиону, орусиялык профессионал мушкер Султан Ибрагимов 42 жашка толду. Ал 1975-жылы 8-мартта Дагестандын Тлярата кыштагында төрөлгөн. Болочок мушкер бокс менен 17 жашында Ростов-на-Дону шаарындагы финансы техникумуна тапшыргандан тарта машыга баштаган. Алгачкы машыктыруучусу Анатолий Черняев менен да дал ошол окуу жайынан таанышкан. Көп өтпөй жөндөмдүү дагестандык бала Анатолийдин промоутер болуп иштеген досу Рамазан Абачараевге жагып калат. Абачараев Султанды Орусиянын белгилүү мушкерлери менен беттешке алып чыга баштайт. Жаш муш­кер бат эле көзгө көрүнөт да, Орусиянын курама командасына алынат. Султан команданын машыктыруучусунун ишеничин актап, 1999-жылы Орусиянын чемпиону болгон. Ушул эле жылы мушкер Финляндиянын Тампер шаарында өткөн Европанын чемпиондугунда рингге француз Жексон Шане менен чыгып, бирок эрежени бузганы үчүн күмүш медалга ээ болгон. С.Ибрагимов 2000-жылы өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон.

2001-жылы 91 килограмм салмакка чейинки бокс сүйүүчүлөрүнүн дүйнө чемпиондугунда коло медаль алган. 2002-жылдан 2008-жылга чейин профессионалдуу рингде 24 мушташ өткөрүп, анын 22син жеңген. 2007-жылдын 2-июнунда Шэннон Бриггсти жеңип, WBO'нун версиясы боюнча оор салмакта дүйнө чемпиону болгон. 2008-жылы 23-февралда Владимир Кличкого жеңилип, чемпиондук титулунан ажыратылган. Ушул беттешинен кийин спорттук карьерасын жыйынтыктаган. Учурда ишкерлик менен алектенет.

8-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigit2
2017-03-08 20:17:02
Жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан