Чемпиондор Лигасы: “Барселона” “ПСЖга” 6 гол киргизди, дортмунддук “Боруссия” “Бенфиканы” жеңди

Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери Барселона жана Дортмунд шаарларында уланды. “Барселона” өз үйүндө “ПСЖга” 6 гол киргизсе, дортмунддук “Боруссия” “Бенфикага” жоопсуз 4 гол киргизди.

"Барселона" (Испания) - "ПСЖ" (Франция) – 6:1

Голдор: Суарес (3-мүнөттө), Кюрзава өз дарбазасына (40-мүнөттө), Месси (50-мүнөттө), Неймар (88-мүнөттө, 90-мүнөттө), Роберто (90+5-мүнөттө) – Кавани (62-мүнөттө)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 0:4

4 гол айырмачылык менен жеңилген “Барселона” өз үйүндө болгон күчүн көрсөттү. Месси-Суарес-Неймар үчилтиги париждик клубдун коргоочуларынын айласын алгачкы мүнөттөрдөн тарта эле кетирип баштады. Коргонууга өткөн “ПСЖ” контр чабуулдарын уюштура албай убара тартып жатты. Жыйынтыгында эсеп 50-мүнөттө 3:0 санына жетти. Бирок Эдинсон Кавани 62-мүнөттө айырмаланып, эми каталондуктар чейрек финалга чыгуусу үчүн дагы 3 гол киргизүүсү керек болду. Бул жолу Неймар оюндун тизгинин колуна алды. Оюндун соңку мүнөттөрүндө “Барселона” көздөгөнүнө жетти. Барселонада майрам. Париж ыйга чөмүлдү.

"Боруссия Д" (Германия) - "Бенфика" (Португалия) – 4:0

Голдор: Обамеянг (4-мүнөттө, 61-мүнөттө, 85-мүнөттө), Пулишич (59-мүнөттө)

Биринчи беттештин жыйынтыгы - 0:1

Дортмунддук клуб өз үйүндө “Бенфикага” бир да мүмкүнчүлүк берген жок. Обамеянг Лиссабондо кетирген жаза басуулары үчүн күйөрмандарынын алдында жооп берди. Ал бул оюнда үч жолу айырмаланды. Арада Кристиан Пулишич 2-таймда гол киргизгенге жетишти. “Боруссия” өз үйүндө кайсы команда болбосун чабуулга ыктап ойной аларын көргөздү. Немис клубу чейрек финалга жолдомо алды.

Барселона - ПСЖ. Чемпиондор Лигасы
Боруссия Д - Бенфика. Чемпиондор Лигасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (59)
ABIL
2017-03-09 13:46:39
Па любому Риал Мадрид лучшый каманда мен учун.барстын балелшиктерине павизло(((
0
Nusi..91
2017-03-09 13:54:25
Судьяны сатып алган окшойт эки пенальти тен 100% туура эмес берилди чындыкты дуйнодо млн деген адамдар корду .
-3
dosym
2017-03-09 13:58:40
Реалдын фанаты болбой калганыма сүйүнүп атам, ичим ачышып өлмөкмун
+1
USSRKG
2017-03-09 14:36:22
dosym,мендагы ха ха
-1
Tekecher
2017-03-09 14:31:17
Биз чемпион!✋✋✋✋
+1
Arsenal2
2017-03-09 15:28:37
Зашитники ПСЖ играли как девчонки
+1
Arsenal2
2017-03-09 15:30:21
А Барселону большое повезло
+3
Zynk.kg
2017-03-09 15:33:43
Ойундун баары алдыда барса финалга жетпейт барибир.
0
ali.95
2017-03-09 16:44:44
Эчким эки жолу требл кылбаган
Эч ким 5 жолу алтын топту албаган
Эч ким биринчи оюнда 4 0 го женилип кийинки оюнда женип кийинки турга ото албаган . Буну барса гана кыла алат
+3
Motorola-Samsung
2017-03-09 20:01:55
ali.95,Эч ким 11 жолу Чемпиондорду уткан эмес, эч ким тарыхта Барселонаны көп жолу жеңген эмес(ель классико, статистика),эч ким Ла лиганы Реалдай көп уткан эмес, эч ким Рондой рекорд көргөзгөн эмес (ЛЧ 17 гол).Эч ким Барсадай калыстар мн дос болгон эмес, эч ким оюн талаасында атаандашын тиштеп салган эмес айта берсең деги көп.
-4
Higuain9009
2017-03-09 20:17:29
Motorola-Samsung,кечиресиз плюс басам деп минус басып алдым
-3
odin-takoy
2017-03-09 22:05:21
Motorola-Samsung,жейбербечи суарес ал убакта барсада ойночу эмес
+1
Motorola-Samsung
2017-03-10 00:03:20
odin-takoy,Жей бер өзүң, ал убакта ойнобосо да, азыр ойносо да Суарес деп эле Суарес деп жыргап жатбайсыңарбыжатбайсыңарбы, дагы не
+1
Freedom07
2017-03-09 23:08:56
Motorola-Samsung,реалга ошончо көп трофейди зидан раул бекхемдер ойноп алып берген роналду эмес
+1
Motorola-Samsung
2017-03-10 00:05:37
Freedom07,Сенин Мессиң бүгүн гана рекорд коё алды, а так буга чейин Рон койгон рекордду коё элек, 5жолу алган алтын топун кошбогондо (анысы деле таза бекен)
+1
qwert123
2017-03-09 17:04:01
8 март майрамынар менен реалдар бизден Барсадан сиздерге чон белек
0
Edward.14
2017-03-09 17:26:10
Барса тарыхта жок нерсени жасады,ушул убака чейин Чемпиондор Лигасында 1-оюнунда 0:4ко женилип 2-оюнунда 6:1 ге женген команда болгон эмес экен. Кандай гана жомок е мындай жомокту дуйнодо бир гана Барса кыла алат!)
0
kyrgyz.93
2017-03-09 17:51:08
Реалдын коз ачыктары жана башка команданын коз ачыктары дордой Алайга жетпейт команданар
+2
Dybala.
2017-03-09 19:01:28
Эчким 11 жолу Лига чемпиондукту албаган Алгаааа Реааал Реалдын фандары 1/4 ко оттукко неге ичбиз атышсын
+1
Dybala.
2017-03-09 19:46:11
Псж алгаааааааааааа
-1
Higuain9009
2017-03-09 20:26:30
Бирок Реал барибир финалга келет.Боруссия Д же Бавария (Мадриддик Реал жана Атлетикону айтпай эле коеюн)Эгер кокус Барса 2015 жылдагыдай Ювентус мн финалга чыгып калса Ювентус мунусунда барсанарды жейт,себеби Игуаин жана Дибала Ковавичтердин голдорун коросунор анан
0
Dante
2017-03-09 21:45:32
Псжны сатып алган окшойт женилип бересинер деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан