Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-март күнү саат 22:50 чамасында Алматы көчөсүндө болгон. Анда түштүктү көздөй кетип бара жаткан Хонда Аккорд жана Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен айдоочулар жана эки жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын баарынын баш мээси чайкалып, биринин жамбашы сынып кеткен. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.