Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-март күнү саат 15:30 чамасында Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн эркек адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ичинде бычактан алган жаракаттары болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1965-жылы туулган М.К. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан