Кыргыз өлкөсүнүн эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы 10-марттан 12-март аралыгында Түркияда өтө турган “Yasar Dogu-2017” эл аралык мелдешине катышат.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, аталган мелдешке 7 кыргыз спортчусу күч сынашат.
Мелдешке катыша турган балбандар:
57 килограмм салмагында — Хуршид Парпиев
61 кг — Улук Жолдошбеков
65 кг — Аскарбек Абдыгапар уулу
70 кг — Бекжан Жамбулов
74 кг — Муслим Евлаев
86 кг — Саякбай Усупов
125 кг — Музафар Жаппуев
Башкы машыктыруучу - Руслан Маджинов