ЖЫЛНААМА, 9-МАРТ: "Инсан" тобунда ырдап атактуулукка жетишкен ырчы Тынай Алыбаев 41-туулган күнүн досторунун курчоосунда белгилейт

"Инсан" тобунда ырдап жүрүп, атактуулукка жетишкен ырчы Тынай Алыбаев бүгүн, 9-мартта 41 жашка толду. Туулган күнү менен куттуктап байланышсак, ыраазычылыгын айтып, өздүк майрамын жоро-жолдош, үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилейин деп жатканын билдирди.

"40 жашка чейин туулган күнүңдү күтүп, маани берип белгилейсиң. Андан өткөндөн кийин көп деле кызыктуу болбойт экен. Бул күнү апам жанымда болсо, апамды куттуктайм, себеби бул күн анын майрамы. Учурда жеке иштерим менен алектенип жатам. Кечинде досторум, үй-бүлөм менен кафелердин биринде туулган күнүмдү белгилөөнү пландап жатам", - дейт ырчы.

Тынай Алыбаев 1976-жылы 9-мартта Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында төрөлгөн. Ырчы 6 жашында гитарада ойногонду үйрөнгөн. 9-классты бүтүп, шаардагы окуу жайлардын биринде ашпозчулукка окуган. Аны аяктагандан кийин музыкалык билим алыш үчүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган. Ал жактан "Таазим" тобуна кирип, 1994-жылы Чубак Сатаевди эскерүү кечесинде сахнага чыккан.

Кийин "Инсан" тобуна кабыл алынган. Ошол учурда топ менен ырдаган "Сары-Ой", "Туулган күнүң менен, периштем!", "Арманым" деген ырлары популярдуу болгон. Кийинчерээк Тынай Алыбаев жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланткан.

9-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul_Rahmanaliev
2017-03-10 11:16:23
Туулган күн өткөрөм деп байкуш МАИге түшүп,машинесин алдырып коюптур.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан