Баткен шаарында мас абалда унаа башкарып бараткан айдоочу жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-мартка караган түнү саат 04:30 чамасында болгон. Анда мас абалдагы айдоочу унаа айдап келе жатып, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада унаа жол жээгиндеги турак үйдү сүзүп токтогон. Азыркы тапта жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.