"Элдик видео" бөлүмүнө "Рамзан Кадыровдун кызы орусиялык шоу-бизнес жылдыздарын таң калтырды" деген видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Өткөн жумада Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы кызы Айшат Кадырова Грозный шаарында алгачкы көйнөктөр коллекциясын тартуулаган. Кечеге орусиялык белгилүү шоу-бизнес өкүлдөрү катышып, Кадыровдун кызынын талантына баа берип, таӊ калганын жашырышкан эмес.
Чечен элинин улуттук стилинде тигилген көйнөктөр көрсөтүлгөн кеченин алкагында Айшат Кадырова жаӊы атырды тартуулап, алгачкы флаконун апасы Медни Кадыровага белек кылган.
Белгилей кетсек, бул кечеге белгилүү ырчы Тимати да чакырылган. Анын Кадыровдун учагында тартылган болушу мүмкүн деген сүрөттү жүктөп, кайра өчүрүп салганы талкууга алынган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.