Улуттук курама команданын футболчусу Фархат Мусабеков өзбек командасы “Алмалыктын” курамын толуктады. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.
23 жаштагы футболчу буга чейин “Абдыш-Ата” (Кант) жана “ТСК-Таврия” (Крым) командаларында ойноп келген.
“Алмалык” клубу өзбек чемпиондугунун Жогорку лигасында ойнойт. Өткөн жылкы сезондо команда 13-орунду ээлеген.