Ырчы Назми жаздын келиши менен жаӊы образда чыгармачылыкка киришти (фото)

9-март күнү белгилүү ырчы Назми чыгармачылык кечесин өткөрүп, жаӊы образда жаӊы чыгармасын күйөрмандарына тартуулады. Ырчы мындай өзгөрүүнүн үстүндө бир топ убакыт эмгектенгенин, убактысын, кызыкчылыктарын курмандыкка чалып, көп нерседен баш тартканын айтат.

"2017-жылдан тарта "CinemArt Production" продюсердик борбору менен келишим түзүп иштей баштадым. Арсен Мендебаев продюсерлик кыла баштагандан тарта образымды такыр башкача кылып өзгөртүүгө туура келди. Келбетиме, образыма, чыгармачылыкка жаӊылык, жаӊы дем киргизүү үчүн тынбай эмгектендим, чыгармаларды жаздырдык. Көп программаларга катышуудан, досторго жолугуудан баш тартууга туура келди. Кыскасы, бир топ эле "курмандыкты" кылдым десем болот", - дейт күлүп.

Ырчы үй-бүлөсүнүн, жолдошунун колдоосу менен ушундай жаӊы ийгиликтерге жетишип жатканын кошумчалай кетти.

"Чынында, мунун баарын үй-бүлөм, жолдошум, алардын колдоосу болбосо ишке ашыра албайт элем. Алар дайыма мага дем берип, ар тараптан колдоп жатышты. Андыктан бүгүн чыгармачылыкка жаӊы дем, жаӊы идеялар менен кириштим. Кечеге келген сахналаш досторум да чоӊ өзгөрүү болгонун, образым жакканын айтышып, ийгилик каалап жатышты".

Ырчынын жаӊы образын жогорудагы сүрөттөрдөн көрүп, "Бактым тоодой" чыгармасын шилтеме аркылуу өтүп уксаӊыз болот. Ошондой эле соӊунда ырчынын азыркы менен мурунку образын салыштыруу үчүн 2016-жылдагы түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ekaterinburg
2017-03-10 10:45:03
Ачылыптыр ээ..Ийгилик каалагандан башка эмне демекпиз,алга!
+6
HAPPY.GIRL
2017-03-10 11:22:51
Гульнур Сатылгановага окшошуп калыптыр.
+4
ekaterinburg
2017-03-10 11:26:49
Жездешканын топчулары "вот-вот"узулойун деп калыптыр.
+3
Kanzada97
2017-03-10 14:20:01
ekaterinburg,хихих
0
Benazir08
2017-03-10 12:18:43
Аябай эле шпатлевканы сыйпаптыр го чиркин. Пулум болсо мен да озгормокмун. ОШондо ана чон кыз Назминин кызы чон жигит куйосунун уулу окшойт мен ушундай тушундум кантсе да бактылуу болугуз коз тийбесин уй булонузго. куйом колдойт дегендер 2 жылга жетпей кулап калып атат го сиз туболук бактылуу болун...
+1
Asanovna1805
2017-03-10 13:07:02
Админ чыгармачылык кечесин кайдан корсок болот
+1
aseras
2017-03-10 13:48:36
4баланын энеси турбайбы.Бактылуу болунуз.Сулуу болкп кетиптир чынлыгында.Дайыма жаш болуп журо бериниз
+2
Hurem
2017-03-10 14:09:53
Каныкейге окшоп калыптыр, макияжы, суротко тушкону ж.б.
0
010288
2017-03-10 14:46:56
сатылганована окшоп калыптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан