Бишкекте жашы жете элек балдардын укугун бузуу боюнча жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 5 селсаяк жана өздөрүнүн балдарын тилемчилик үчүн пайдаланып жүрүшкөн аялдар колго түшүштү. Рейдде мектеп жашындагы балдардын окуу учурунда көчөдө жүрүшүнө каршы компьютердик клубдарды жана көчөдө тилемчилик кылып жүргөн балдар текшерилди. Бүгүн, 3-майда мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, Исанов, Москва, Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү, Жаш Гвардия бульвары жана Жибек Жолу, Манас проспектилериндеги компьютердик клубдардан ар кайсы мектептердин 11 окуучусу кармалган. Ушул эле аймактарда селсаяк аялдардын балдарын тилемчилик кылдырып жүрүшкөндөрү анык болгон. Эч кимисинин шаарда каттоодо тургандыгы тууралуу документтери жок болгондуктан, анын экөөсү убактылуу “Коломто” баш калкалоочу жайына жеткизилген.