Советтик жана орусиялык композитор, Орусиянын Эл артисти Александр Зацепин 91 жашка толду. Ал 1926-жылы 10-мартта Новосибирскте туулган. А.Зацепин "Операция "Ы" жана Шуриктин башка окуялары", "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары", "Паспортсуз адам", "Бриллиант кол", "12 отургуч", "Иван Васильевич кесибин алмаштырат", "Асман менен жердин ортосунда", "Ырдаган аял", "Спортлото-82", "Дерибасовдо жакшы аба ырайы же Брайтон-Бичте кайрадан эле жаан жаап жатат", "41-жылдын июнунда" жана башка белгилүү тасмалардагы ырлардын музыкасынын автору катары белгилүү болгон.
Композитор 300дөн ашык ырдын автору. Алардын арасында "Бир ирмем гана бар" (Есть только миг), "Балалык кайда барат" (Куда уходит детство), "Эгер мен султан болсом" (Если б я был султан), "Жаштыктын маршы" (Марш юности) сыяктуу белгилүү ырлары бар.
Жеке жашоосу
А.Зацепин 4 ирет никеге турган. Учурда жалгыз. Экинчи никесинен Елена аттуу кызы бар. Биринчи жубайынан Евгений деген уулдуу болуп, бирок ал 24 жашында каза болуп калган. 90-жылдары композитор Париж шаарында жашаган. Учурда Москвада жашап, Парижге эс алуу үчүн гана барып турат.
10-мартка карата жылнаама