«Салам-Алик» командасы өлкө биринчилигинин алгачкы турунда жеңүүчү аталды. Волейбол федерациясы билдиргендей, 1-турдук оюндар Бишкек шаарында 6-марттан 9-мартка чейин өттү. Анда ар бир команда 4 оюндан ойноду.
Маалым болгондой, өлкөнүн 8 жолку чемпиону «Салам-Алик» 4 оюнду жеңген. 2-орунда «Алай Датка», 3-орунда «Дордой Намыс» командасы жайгашты. Белгилей кетсек, өлкө чемпиондугуна 6 команда катышууда. 2-турдук оюндар май айында өтөт.
Оюндардын жыйынтыгы:
6-март
«Дордой Намыс» - «Билим» - 3:0
«Улар» - «Солвейг Спорт» - 3:2
«Салам-Алик» - «Алай Датка» - 3:0
7-март
«Алай Датка» - «Билим» - 3:1
«Солвейг Спорт» - «Дордой Намыс» - 0:3
«Салам-Алик» - «Улар» - 3:1
8-март
«Улар» - «Алай Датка» - 1:3
«Дордой Намыс» - «Салам-Алик» - 0:3
«Билим» - «Солвейг Спорт» - 1:3
9-март
«Алай Датка» - «Солвейг Спорт» - 3:0
«Салам-Алик» - «Билим» - 3:0
«Улар» - «Дордой Намыс» - 3:1