Америкалык актёр, күрөш чебери Чак Норрис 77 жашка толду. Ал 1940-жылы 10-мартта АКШнын Оклахома штатындагы Райан аттуу жерде төрөлгөн. "Укмуштуу Уокер" сериалындагы ролу аркылуу таанылып, "Ээ-жаа бербегендер 2", "Шайтандын монастыры", "Президенттин адамы", "Кытай тартип сакчысы", "Отто жүрүүчү", "Жалгыз карышкыр Маккуэйд" жана башка тасмаларда кайталангыс ролдорду жараткан.
Жеке жашоосу
1958-жылы классташы Диана Холчек менен баш кошуп, 30 жылдан кийин ажырашып кетишкен. 1998-жылы актриса Жина О'Келлиге үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Майк жана Эрик аттуу уулдары жарык дүйнөгө келген. Актёрдун никесиз төрөлгөн Дина деген кызы бар.
10-мартка карата жылнаама