Германияда балта менен адамдарга кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 9-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча 21:00 чамасында Германиянын Дюссельдорф шаарындагы темир жол бекетинде болгон. Анда белгисиз адам балта менен алгач поезддин ичиндегилерге, кийин сыртта жүргөн адамдарга кол салган. Анын кесепетинен 7 киши ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми кылмышка шектүү катары 36 жаштагы жаран кармалды. Анын акыл-эси жайында эмес болгон. Полициядан качып баратып көпүрөдөн секирип кеткен. Азыркы тапта ооруканада.