Америкалык актриса жана модель Шэрон Стоун 59 жашка толду. Ал 1958-жылы 10-мартта АКШнын Пенсильвания штатындагы Мидвилл аттуу жерде туулуп-өскөн. 1975-жылы орто мектепти аяктап, институтка тапшырган. Бирок ага катар эле сулуулар сынагына катышып, моделдик агенттиктерден чакыруу алып, Париж, Миланды көздөй сапар алган. Моделдик карьерасы соңуна чыккан соң Нью-Йоркко көчүп келип, тасмаларда эпизоддук ролдорду жарата баштаган. Кийин "Татаал карама-каршылыктар", "Соломон падышанын кендери", "Баарын эстөө", "Специалист" жана башка тасмаларга тартылган. Ал эми "Казино" тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобуска" ээ болуп, "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Жеке жашоосу
1984-1987-жылдары сценарист жана продюсер Майкл Гринбург менен турмуш курган. Кийин 1993-жылы дагы бир продюсер Уильям Макдональд менен мамиле куруп, бир жылдан кийин сүйүү мамилеси токтогон. 1998-2004-жылдары гезит редактору Фил Бронштейн менен никеге турган. Актрисанын эки жолу боюнан түшүп калган соӊ 3 баланы багып алган.
Анын башы көп ооруп, ага дарыгерлер мээнин аневризмасы диагнозун коюшкан. 2001-жылы мээсине кан куюлуп, ошондон бери тамеки чегүүдөн жана алкоголдук ичимдиктерден баш тарткан. Бир өлүмдөн калган модель катуу оорудан айыккан соӊ жашоого болгон көз карашын өзгөртүп, бардык нерсеге ыраазычылык жана сүйүү менен карап, бактылуу жашоо кечире баштаганын дүйнөлүк басылмаларга берген маектеринде билдирген.
10-мартка карата жылнаама