Жайыл районунда поезд менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 9-март күнү саат 19:25 чамасында Беловодск-Кара-Балта темир жолунда болгон. Анда 1992-жылы туулган Ч.А. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасы менен темир жолду кесип өтүүгө аракет кылган. Бирок жолдон толук өтүүгө үлгүрбөй, поезд сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1981-жылы туулган К.Т. аттуу аял каза болгон. Анын 2013-жылы туулган Б.З. жана жаңы төрөлгөн Б.К. аттуу балдары ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу Ч.А. оор жаракат алган. Ошондой эле анын ичинде 1995-жылы туулган жаран да болгон.
Учурда кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.