17-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Мелдеште кыргыз балбандарынан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдова, Иран, Орусия, Индонезия, Болгария, Литва, Индия, Сербия жана Германия мамлекеттеринин спортчулары күч сынашат.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, эркектер арасында 6 салмакта (60 килограммдан 100 килограммга чейин жана андан жогору), кыз-келиндер арасында 5 салмак боюнча (55 килограммдан 75 килограммга чейин жана андан жогору) өтөт. Эл аралык мелдешти өткөрүү үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 1 миллион 906 миң сом бөлүнгөн.