Кызыл-Кыя шаарында үч унаанын айнегин сындырып, айдап качууга аракет кылган жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарында үч унаанын айнегин сындырып, айдап качууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-март күнү милиция кызматкерлерине 52 жаштагы К.Б., 25 жаштагы К.У. жана 61 жаштагы К.К. кайрылган. Анда алар белгисиз адам үйлөрүнүн жанында токтоп турган унааларынын айнектерин сындырып, айдап качууга аракет кылганын билдиришкен. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары С.Н. аттуу жаран кармалды. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zamir0811
2017-03-10 18:00:05
Ж.э.к.с.Т.к.ж.к.б.тушунуп алгыла
+1
Parish
2017-03-10 19:38:02
Оо. жубармектер десе, оной акчага
конгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан