"Медиа-портал" бөлүмүндөгү тамашалуу тартылган клиптердин бири - ырчы Ильяз Андаштын "Водовоз" ырынын клиби. Ырчы клип тартуу кызыктуу, ары түйшүктүү да болгонун айтат.
"Алгач сценарий башкача болчу, тартуу учурунда сюжеттин катары өзгөрүп кетти. Анда досум Анвар Осмоналиев режиссёрлук кылса, клипмейкер Эрнист Сыдыков операторлук милдетти аркалаган. Анвар экөөбүз сюжеттерин иштеп чыктык. Эки-үч имаратта тартылды, 100 пайыз мыкты болду деп айталбайм, болушунча аракет кылдык, бир топ чыгым, эмгек сарпталды.
Досторумдун тартылганы көӊүлдүү болгону менен, көп убакытты алды. Съёмкага кечигип же "Баштадык, тартабыз" десеӊ, улам бири бир нерсени айтып, тамашага салат. Ошентип бир топ эле убакыт кетти", - дейт Ильяз Андаш.
Белгилей кетсек, клипке ырчылар Кайрат Примбердиев, Курал Чокоев, Манас Алыкулов жана башкалар тартылышкан.
Ильяз Андаштын "Водовоз" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.