Бүгүн, 10-мартта Түркиядагы Стамбул шаарынын чет жагында тик учак 236-метрлик Endem телемунарасын сүзүп, кыйрады. Жыйынтыгында 5 адам каза болгон. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, тик учак Eczacibasi компаниясына таандык, ичинде жалпысынан 7 адам болгон.
"Алдын ала айтылган маалымат боюнча 5 сөөк табылды. Тик учак унаа жолго кулаган, ал кезде жолдо унаа болгон эмес. Кырсык калың тумандын айынан болушу мүмкүн", - деп билдирген Бююкчекмедже районунун башчысы Хасан Акгюн.
Ал эми Eczacibasi компаниясынын басма сөз кызматы ТАСС басылмасына тик учакта Орусиянын жарандары бар болгонун билдирген.
"Азырынча маалымат такталып жатат, тик учакта 4 Орусиянын жараны бар болгонун айта алабыз. Алар Александр Ванин, Игорь Кочергин, Людмила Чупрова жана Елена Бадраган аттуу жарандар экени тууралуу маалыматыбыз бар. Алар кайсы компаниянын кызматкерлери экени азырынча белгисиз", - деген өкүл.