Бишкекте журналист менен патрулдук милиция кызматкерлери сабалды

Бишкекте 11-мартта саат 1:30дар чамасында шаардык патрулдук милиция кызматкерлери менен телеканалдардын биринин журналисти Темирлан Сейитбек уулу сабалды. Бул тууралуу телеканалдын кызматкери Бактияр Тукеев билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык патрулдук милициясынын кызматкери тоскон "Жигули" унаасы токтобой кеткен.

"Артынан барган эки милиция кызматкерин жана алар менен бирге рейдде жүргөн кабарчы Темирлан Сейитбек уулун топ адамдар ур-токмокко алышкан. Кабарчынын мээси чайкалып учурда ооруканада. Кол көтөргөн 7-8 жарандын 2өөсү түндө кармалып, калгандары качып кетишкен. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала айтылган маалымат боюнча кол салган жарандардын көпчүлүгү мас абалда болгон", - деген Б.Тукеев.

Бул факт боюнча Ленин РИИБи тергөө ишин баштаганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Mers124
2017-03-12 15:33:37
Маска штраф салыш керек. Бирок менттер ар кайсы меңин көрсөтүп эле догурунуп аткандай го
+6
Azatbek83
2017-03-12 15:33:50
Урматтуу журналистерге каршы коментарии жазгандар Журналистерге асылыштын кереги жок алардын жакшысы жаманыда болот Карапайым калктын созу турмуш тиричилиги бийлике журналистер аркылуу жетет Бийликтин жаап жашырган билдирбеген иштери карапайым калкка журналистер аркылуу жетет
+3
Gul14kA
2017-03-12 15:37:58
panda7,Эгер сиз журналист болсонуз,сиздин
дарегинизге ушундай жаман создор айтылса,
кандай кабыл алаарынызды билбейм. Бирок,
сиздин айтканынызга кошулбайм. Коомдун
чыныгы жузун, эл алдына алып чыгып,акты ак,
караны кара деп айткан адилеттуу адамдар!
+1
Namystan
2017-03-12 16:13:05
Gul14kA, Туура журналист болгон сон ошентип айтууга тийиш, бирок азыр акчага акты кара караны ак деген журналисттер жок эмес, бул абдан окунучтуу
+6
Gul14kA
2017-03-12 16:30:38
Namystan,Ооба,туура айтасыз! Беш кол тен эмес. Арасында бар. "Бир карын майды, бир кумалак чиритет "дегендей. Бирок,жалпы жонунан каралап айтуу да болбойт.
0
Respect.
2017-03-12 15:46:32
Патрулдук милиция болбосо өлкөбүздө айдоочулардын баш аламандыгы көбөйөт. Башка өлкөнүн гаишниктерин бир көрүп келсеңер, өзүбүздүн гаилер алардын алдында алтын адамдар болуп калат..
+2
ainur78007
2017-03-12 15:48:17
Тообо,ошол мас адам каттуу ылдамдыкта жакын бир адамынызды койдуруп кетсе корот элем болушканынарды.рулга мас абалда отургандарга олчойтуп штрафты салыш керек,арак ичмек тугул алапайын таппай кала тургандай кылып.алар оздорунун гана омуруно эмес башкалардын да омуруно чон коркунуч жаратат
+3
korea
2017-03-12 15:54:57
Башы жок акмактар! Ошол МАС абалда бара жатып кимдир бироону коюп кетсе эмне болмок,же жол карсыгына кабылса.Бей куноо адамдар запкы жемек.Бул да болсо бир жол кырсыгынын алдын алышты да...
+5
Ronaldo.99
2017-03-12 16:19:34
Жигули ха ха ха
-7
Arlenchik
2017-03-12 16:26:04
Ушу кээбир комент калтырып табалап плюс баскандар кызык эле, алар оз жумушун кылып атат, тиги ичип алып айдаган акмактарды ото оор жазага тартыш керек, ичип алган немелер кокус бироону сузуп алса эмне болот, кобунчо жалан ушу ичип алып айдагандардын айынан болот, айдоочулук куболуктон ажыратып салыш керек, азаматтар кубалап барып кармашыптыр.
+2
KaiMak
2017-03-12 16:36:56
менттерден отоор заявшик жок озу сраз жазышат
+5
adilbars
2017-03-12 17:36:14
Ырас эле болуптур!
+1
kenjebek_a
2017-03-12 17:55:50
Бир карын майды бир кумалак чиритет.Бул макал коп жерде колдонулат.Бугун журналистерге болушкандай колдонуптур.Анда бир карын майдын жарымынан кобу кумалак болуп калган.Анча мынча эмесКТРды алгыла болгондо да улуттун канал ЭЛтр мисал буга.Эки гилтийген канал бир жактуу,анан кайдагы анча мынча журналистер деп айтат.Же бул карынга кумалакты атасы байлар атайын кошот окшойт.Дуйно жузу танберген Азаттыкты сотко бергенине олгун келет.Дежур журналистер толтура бизде.
+2
Azamat_15
2017-03-12 23:38:28
Ушул окуя Кытайда болгондо 2 жылга эркинен ажыратылып,айдоочуулук куболугун омур бою ажыратмак.Эх Кыргызстан кандай сонун!
0
anonymous
2017-03-12 23:54:02
Лексус минсе айга учушмак экен
-1
anonymous
2017-03-12 23:56:28
Эстеринен кеткис болот го акчаларды даярдай бергиле
0
Altyn10076
2017-03-13 13:19:51
Азамат жигиттер +5
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан