Голливуд актрисасы Скарлетт Йоханссон АКШнын президентинин кызы Иванка Трампты туурап видеороликке тартылды.
Актирса Complicit аталышындагы чыкпаган духинин жарнамасында Иванканын образын жараткан. Йоханссон "Мунун баарын токтото алчу аял үчүн, бирок ал токтотпойт" деген сөздү айтса, кадр сыртында "Ар бир эркек анын атын билет, ар бир аял анын жүзүн тааныйт. Ал бөлмөгө киргенде, баары аны карашат, ал - Иванка. Ал сулуу, күчтүү, ал катышуучу" деген сөздөр айтылат.
Скарлетт Йоханссон Дональд Трамптын саясатына каршы чыккандардын бири. Январь айынын аягында "Аялдар жүрүшүндө" актриса сүйлөп жатканда катуу музыка чыккан, ага карабай өз сөзүн улантканда, микрофону өчүп калган.