Мындан 284 жыл мурун, 1733-жылы 13-мартта англиялык химик, философ, коомдук ишмер Жозеф Пристли Улуу Британиянын Берстолл деген аймагында жарык дүйнөгө келген. Ал 1804-жылы 6-февралда 70 жаш курагында көз жумган. Ж.Пристли тарыхта кычкылтекти жана көмүр кычкыл газын ачкандыгы менен көрүнүктүү химик катары калган.
1771-жылы химик фотосинтез процессин ачып, дем алуудан бузулган аба жашыл өсүмдүктөрдүн ага болгон таасиринин алдында кайра таза абалга келерин байкаган. Башкача айтканда, жашыл өсүмдүктөрдүн атмосферадан углерод диоксидин жутуп алып, кычкылтекти бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ экендигин ачып, 1778-жылы аны далилдеген. 1772-жылдан 1774-жылга чейин Ж.Пристли аммиак жана хлорсуутекти ачкан.
Антуан Лавуазье, Генри Кавендиш, Карл Шееле жана башка окумуштуулар менен биргеликте абанын курамы татаал экенин далилдөө үчүн көп изилдөөлөрдү жасаган. 1774-жылы сымап оксидинен кычкылтекти бөлүп чыгарган. Мындан тышкары химик оптика тармагында дагы изилдөөлөрдү жүргүзүп, 1772-жылы "Көрүү, жарык жана гүлдөргө байланыштуу ачылыштардын тарыхы жана азыркы абалы" деген эмгегин чыгарган.
13-мартка карата жылнаама