Ош-Бишкек жолунда эки Хонда бетме-бет сүзүшүп, 3 адам каза болду

12-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Кайрагач айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда катуу ылдамдыкта келе жаткан Хонда Фит менен Хонда Цивик бетме-бет сүзүшүп, окуя болгон жерден 2 айдоочу каза болду. Дагы 1 адам ооруканага бара жаткан жерден каза тапты. "Хонда Фитте айдоочу эле болгон. Хонда Цивикте 4 бир тууган болгон. Алардын экөөсү учурда ооруканада. Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүрүүдө", - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ibragim10
2017-03-13 10:49:30
Алла сактасын
+5
ABDulHai
2017-03-13 10:55:06
Шашпай эле айдагылачы туугандар...
Жайы жаннаттан болсун.
+8
Tyty1990
2017-03-13 11:02:06
Кече көрдүм эле бетме бет сүзүшүптүр.
+2
messi_1987
2017-03-13 11:06:05
мен да коргом аябай катуу болуптур эле! кудай озу сактасын. экоотен карама каршы тилкеге чыккан экен эле
+4
nabievich
2017-03-13 11:33:35
Эээх бир тууган мусулмандар кундо орточо эсеп менен ош-бишкек жолунда 4адам каза болот экен эсептеп корунуз бир жылда 365кун 1460адам каза болот бул деген эмне кырсык деп коз жумуп койсок боло береби алдын алууга эмне учун болбойт кудай сактанганды сактайтда келиниздер туугандар ар бирибиз жолго чыкканда сак болойлу
+4
mirkaa5182
2017-03-13 12:42:20
Эч шашпай айдай керек, жетер жериңе 10-15 кеч жетесин, бирок тынч жетесин, кудай сактасын.
+2
Azat.97
2017-03-13 14:40:49
кечээ экоо бугун учоо кудай сактасын жолдон этият бололучу туугандар
+2
omka100514
2017-03-14 00:09:35
Хонда фитте биздин мектептин директорунун баласы экен эле, каза болуптур, жайлары жаннаттан болсун (((((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан