2017-жылдын 26-январында Токтогул районунун Ичке-Сай айылындагы Жердик жайлоосунда 23 жаштагы Мирбек Сокубашовдун жансыз денеси табылган. Маркумдун апасы Анара Бусурманованын айтымында, Мирбек киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.
“Окуя 24-январь күнү Жердик жайлоосунда болгон. Алмаз, Алинур, Азамат аттуу балдар баламды катуу сабашып, колу-бутун байлап, карга тумчуктуруп өлтүрүшкөн. Бул факт боюнча Токтогул РИИБи тарабынан кылмыш иши козголгону менен, тиешелүү чаралар көрүлбөй жатат. Кылмышка шектүү балдар камалбай сыртта жүрүшөт. Алардын айтымы боюнча, чогуу спирт ичимдигин ичишкен, кийин балам жерге жыгылып түшкөн экен. Бирок мен алардын айтканына ишенбейм. Сөөктү кароо учурунда Мирбектин катуу сабалганы даана көрүнүп турат”, - дейт Бусурманова.
Анара Бусурманованын айтымы боюнча, кылмышка шектүүлөр Мирбекти кийикке барабыз деп ээрчитип кетишкен.
"Алар менин баламды өлтүрүш үчүн атайын ээрчитип кетишкен. Алинурдун бир тууган эжесинин Мирбектен боюнда бар экен. Баламдын өлүмүнө ошол нерсе себеп болушу мүмкүн", - дейт маркумдун апасы.