Кыргыз өлкөсүнүн шахмат боюнча Жогорку лиганын жеңүүчүлөрү аныкталды. Маалыматка караганда, 2-марттан 10-март аралыгында Бишкек шаарында шахмат боюнча өлкөнүн мыкты шахматчылары күч сынашты.
Эркектер арасында жалпы 46 шахматчы катышкан. Анда Семетей Төлөгөн Тегин чечүүчү оюнда Михаил Марковдон утуп, жеңүүчү аталды. Үчүнчү орунда Илимбек Эсенбек уулу жайгашкан.
Кыз-келиндер арасында жалпы 20 шахматчы катышып, анда Диана Өмүрбекова өлкө чемпиондугун камсыздады.