"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз Манас тууралуу тасма тартат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына депутат өзү билдирди.
Эл өкүлү "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууга убакыт келип жеткенин белгиледи. "Тасманы 10-20 миллион долларга тартсак болмок. Бирок бүгүнкү күндө андай каражатка тартуу мүмкүн эмес. Ошондуктан кыскартып, азайтып 2 миллион долларга тарталы деген чечимге келдик. Тааныш, жоро-жолдоштор тарабынан 20-25 пайыз каражат чогулду. Азыр пикир жыйноо учуру жүрүп жатат. Буга кыргыз эли, маданият өкүлдөрү кандай карайт? Техника, технология, артисттер даяр. Каржы маселеси калды", - деди эл өкүлү.