11-мартта Кувейттеги Кыргыз элчилигинин жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Independence Cup 2017 аталышындагы эл аралык волейбол боюнча мелдешке катышышты. Иш-чараны аталган мамлекеттеги Румыниянын элчилиги менен Британия спорт академиясы уюштурган. Бул тууралуу 13-мартта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Оюндун баштапкы этаптарында Кыргыз мамлекетинин атынан катышкан команда Румыния жана Улуу Британиянын командасын жеңген. Турнирдин соңунда Кувейттин курамасы биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Индиянын командасы, үчүнчү орунду Кыргыз өлкөсүнүн командасы алды. Спорттук иш-чарага Улуу Британия, Зимбабве, Индия, Индонезия, Иран, Кувейт, Палестина, Польша, Орусия, Филиппин жана Румыниядан жалпы 12 команда катышты.