Комитет жыйынында Комуз күнүн белгилөө сунушталды

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков салттуу маданияттын жумалыгын өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу министр бүгүн, 13-мартта Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйналышында билдирди.

"4-декабрь Манас күнү, 5-март Ак калпак күнү, элечек күнү деп эле кетип жатабыз. Баарын бириктирип октябрь айынын экинчи жумасында салттуу маданият жумалыгы деп белгилесек деген чечимге келгенбиз. Биринчи күнү акындарга, экинчи күнү комузчуларга, улуттук кийимдерге берилсе жакшы болмок", - деди министр.

Комитеттин жыйынында “Кыргыз Мырзалар” коомдук фонду “Комуз күнүн” белгилөө жөнүндө демилгени сунуштаган. Бирок депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-03-13 17:19:26
Эң туура, баарын чогултуп системага салып салтка айлантыңыз, Түгөлбай ага. Ошондо өнүгүү болот.
0
scorp
2017-03-13 22:31:45
grace,кандай онугуу? экономикага зыян кайра майрамдар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан