Бишкектеги №47-түзөтүү абагында экстремизм боюнча соттолгон адамга жөнөтүлгөн шампундун бөтөлкөсүнөн телефон табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку убактарда абактагыларга каймактын жана айрандын бөтөлкөлөрүнө акчаны, дары-дармектин баштыктарына телефонду, нанга сим-карталарды салып өткөрүү аракеттери көп кезигүүдө. Мындан тышкары достору жана туугандары абакта отургандарга минералдык суунун жана лимонаддардын бөтөлкөлөрүнө алкоголдук ичимдиктерди куюп өткөрүүгө аракеттенишкенин билдирет мекеме.