Караколдо 48 жаштагы тургун "аялын бычактап өлтүргөн" деп шектелүүдө

Караколдо 48 жаштагы тургун "аялын бычактап өлтүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-март күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Салиева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 48 жаштагы Ч.Еленанын жансыз денеси табылганы айтылган. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, маркумдун бычакталып өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Бул кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү 48 жаштагы Ч.Михаил кармалган. Ал мындай ишке үй-бүлөлүк чырдан улам мас абалда барганын айткан. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirgak_92
2017-03-14 09:47:16
Азыркы тапта адамдын жанын алуу ушунча оной болуп эч нерседен коркушпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан