Бишкек шаарынын эки тургуну адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 11-март күнү саат 08:50 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Темиров көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен жашы 30-35 чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу айтылган. Бул факт боюнча Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, ыкчам изилдөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Т.Ж. жана 38 жаштагы С.Б. кармалды.

"Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя 10-март күнү болгон. Анда кылмышка шектүүлөр маркум менен бирге спирт ичимдигин ичишип, кийин ортодо чыр чыгып, аялды сабап салышкан. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, маркумдун өздүгү такталууда", - деп айтылат Ички иштер министрлигинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан