Бүгүн, 14-мартта АФК Кубогунун алкагында өлкө чемпиону “Алай” жана бишкектик “Дордой” командасы алгачкы тайпалык оюндарын өткөрөт. Бул тууралуу АФКнын сайты билдирет.
Анда Ош шаарында жергиликтүү “Алай” Түркмөнстандын чемпиону “Алтын Асыр” командасын кабыл алат. Ал эми “Дордой” конокто Тажикстандын чемпиону “Истиклол” менен ойнойт.
Белгилей кетсек, эки кыргыз командасы “D” тайпасында орун алган. Аталган тайпадан 1-орун алган команда АФК Кубогунун чейрек финалына чыгат.
Бишкек убактысы боюнча 14:00 «Алай» (Ош) - «Алтын Асыр» (Түркмөнстан)
19:30 «Истиклол» (Тажикстан) - «Дордой» (Бишкек)