Вьетнамдагы циркте крокодил адамдын бетин тиштеп алды

Өмүргө коркунуч жараткан бул окуя Вьетнамдын Ханам провинциясында орун алган. Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккандай, жергиликтүү Маданият министрлиги тарабынан чакырылган цирк кызматкери аренада крокодил менен трюк көрсөтүп жаткан. Айбандарды үйрөтүүчү адистин башы крокодилдин оозуна жакын барганда ал дароо анын бетин тиштеп салган.

Адис крокодил менен абдан кооптуу трюктарды жасап жаткан. Капысынан жырткыч ага кол салганда залдагылар катуу кыйкырып, чочулашкан. Цирк кызматкери каттуу корккон абалда аренанын ортосуна чейин басып келген, бул учурда ага труппадагалардын бири сүлгү сунат. Сүлгү ошол замат кызыл канга боёлду.

Кийинчерээк цирк оюндарын уюштурган Ханамдын Маданият министрлигинин өкүлдөрү машыктыруучуга жардам берилип, бети калыбына келтирилгенин билдиришкен.

Вьетнамдагы циркте крокодил адамдын бетин тиштеп алды (нерви жукаларга сунушталбайт)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан