Саламат Садыковага ТҮРКСОЙдун "Ардак" ордени ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү Кожогелди Култегин кабарлады.
"Жалпы Түрк дүйнөсүнүн алкагында жараткан өзгөчө чыгармачылык ийгиликтери үчүн жана 60 жашка чыккандыгына байланыштуу Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова ТҮРКСОЙдун "Ардак" ордени (Onur nişanı) менен сыйланды", - деген К.Култегин.
Буйрукка ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов үстүбүздөгү жылдын 10-мартында кол койгону, орден Кыргыз өлкөсүндө тапшырылары маалым болду.