Бишкекте сатуучуга бычак менен кол салып, аны өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте сатуучуга бычак менен кол салып, аны өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-март күнү Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда 6-кичи райондогу соода күркөлөрүнүн биринин сатуучусуна кол салуу болгону айтылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери белгисиз адам сатуучуга бычак менен кол салып, качып кеткенин аныкташкан.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Ч.М. кармалган. Ал мурда "каракчылыкка" айыпталып, сот жообуна тартылган. Ошондой эле башка кылмыштарга да шектелүүдө. Эгерде андан жабыркагандар болсо, 0553 102 130; 0551 102 180; 0 (312) 54 41 84 телефон номурларына чалып, байланышса болот", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан