Сузак районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сузак районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө кечээ, 14-март күнү саат 20:40да катталып, очогу Сузак районунун аймагында жайгашкан. Анын күчү очогунда 3 баллга жетип, Көк-Жаңгак шаарында 2-2,5 балл, Сай, Кара-Алма, Орток жана Сары-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан