15-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери уланды. Анда Англия чемпиону өз үйүндө испандык “Севильяны” кабыл алса, Турин шаарында жергиликтүү “Ювентус” португалиялык “Порту” менен күч сынашты.
"Лестер" (Англия) - "Севилья" (Испания) – 2:0
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 1:2
Голдор: Морган (27-мүнөттө), Олбрайтон (54-мүнөттө)
“Лестер” жомогу. 2-серия. Англия чемпиондугун сенсациялуу түрдө жеңип алган “Лестердин” жомогу азырынча бүтө элек. Быйылкы сезондо ар түрдүү сыноолорго туш болуп жатса да, Чемпиондор Лигасында чейрек финалга бет алышты. “Севилья” менен болгон беттеште көпчүлүк испандык клубдун мүмкүнчүлүгү жогору деп ойлогон. “Лестер” “Кинг Пауэр” стадионунда өзгөчө футболду тартуулай ала турганын дагы бир ирет көргөздү. Аталган оюндун 1-таймында команда капитаны Уэс Морган эсепти ачты.
Испандык клуб чабуулга өтүп жатканы менен дарбазага таамай боло алышкан жок. 2-таймда Марк Олбрайтон эсепти 2:0 кылганга жетишти. 80-мүнөттө “Севилья” Витолонун жардамы менен пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк ала алды.
Бирок кезинде “МЮнун” айтылуу дарбазачысы Петер Шмейхелдин уулу Каспер Нзонзинин соккусун тосту. “Түлкүлөр” сенсация жаратуудан тажаша элек. "Лестер" чейрек финалда.
"Ювентус" (Италия) - "Порту" (Португалия) – 1:0
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 2:0
Гол: Дибала (42-мүнөттө)
Италиянын чемпиону “Ювентус” өз үйүндө “Португа” бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Конокто 2:0 эсебинде жеңип келген туриндиктер өздөрүнө ишенип, оюн алып барды. Анын жыйынтыгында Игуаиндин соккусун колу менен тоскон Макси Перрейра кызыл кагаз менен кошо пенальти алып келди. Паоло Дибала айып соккудан таамай болду. Калган мүнөттөрдө эсеп саны өзгөргөн жок.