Кыргыз волейболчулары 22-мартта Мальдив аралдарында өтө турган волейбол боюнча Азия чемпиондугуна катышат. Мелдешке "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген командалар катышат. Азырынча катышуучулардын тизмесинде Кыргыз өлкөсү, Непал, Мальдив аралдары жана Түркмөнстан өлкөсү бар. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, улуттук курам 2016-жылы декабрь айында Бангладеште өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынышкан.