16-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын жооптук беттештери 2 оюн менен жыйынтыкталат. Анда “Монако” өз үйүндө англиялык “Манчестер Ситини” кабыл алат. Мадрид шаарында жергиликтүү “Атлетико” леверкузендик “Байер” менен кез келет.
"Монако" (Монако) - "Манчестер Сити" (Англия)
Биринчи беттештин жыйынтыгы - 3:5
Стадион: Монако, ""Луи II" стадиону.
Калыс: Жанлука Рокки (Италия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).
Аталган оюндун биринчи беттеши быйылкы Чемпиондор Лигасынын мыкты оюндарынын катарын толуктады. Анда эки команда жалпы 8 гол киргизип, “Сити” 5:3 эсебинде утуп алган эле. Эми жооптук беттеш голдорго бай болобу оюн көргөзөт. Пеп Гвардиола да, Леонарду Жардим каталардын үстүндө иштей алган машыктыруучулар. Эки команданын чабуулчулары дүйнөнүн мыкты оюнчуларын толуктайт. Радамель Фалькао же Серхио Агуэро. Кимиси канча гол киргизерин да аталган оюн көрсөтөт.
“Атлетико” (Испания) - “Байер” (Германия)
Биринчи беттештин жыйынтыгы – 4:2
Стадион: Мадрид шаары, "Висенте Кальдерон" стадиону.
Калыс: Сергей Карасев (Орусия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча).
Мадриддик “Атлетико” конокто төрт гол киргизүү менен чейрек финалга өтүү үчүн негизги жумушту аткарып койгон. Эми өз үйүндө “Байерге” ири эсепте утулбаганы эле жетиштүү болот. Германиялык клуб өз чемпиондугунда да, алдынкы орундарда эмес. Бул оюн Чемпиондор Лигасында акыркысы болуп калбашы үчүн Хавьер Эрнандес жана анын командасы чыныгы эрдик жасашы керек.